Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир ишти аткарууга, иштөөгө бир аз катышкан болуу, көмөктөшүү. Акман талаа жумуштарына да кол тийгизишет (Сыдыкбеков). Ага чоң да, кичине да кол тийгизип иштеп жатышат (Сыдыкбеков). – Айтпадымбы. Сырткы, ички көр оокатка колуңду тийгизбе. Өзүм тейлейм (Бейшеналиев). 2. Бирөөнү чаап жиберүү, уруп же муштап ийүү. Саадатка сөз эмес кол тийгизе турган болуп жүрүп, акыры иштин акыйкатына көзү жеткен Муса Саадаттын бутуна жыгылып, кечирим сурады (Абдукаимов).